Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:02

Президент бийликтин темир кендерин иштетүү максаты бар экенин айтты


Темир кени жайгашкан Жетим-Тоо аймагынын жайкы көрүнүшү. Нарын облусу.
Темир кени жайгашкан Жетим-Тоо аймагынын жайкы көрүнүшү. Нарын облусу.

Президент Садыр Жапаров бийликтин Кыргызстанда ГЭСтерди, темир жолдорду курууга чет жактан темир сатып албай өлкөдөгү темир кендерин иштетүү планы бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда жасаган кайрылуусунда айтты.

“Темир сатып алууга жыл сайын бир нече миллион доллар жумшайт экенбиз. Жылда темир сатып алуу үчүн эле сыртка миллиондогон акчабыз чыгып кетүүдө. Ошол олчойгон каражатка өзүбүздө темир иштете турган заманбап завод куруп алсак, өлкөбүздөн чоң суммадагы акчанын агып кетишин токтотуп эле калбастан темирди экспорттоо менен мамлекеттин казынасына олуттуу киреше түшүрөбүз”, - деди Садыр Жапаров.

Президент кайсы кендерди иштетүү тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Садыр Жапаров 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенинде беш миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

Кийин жарандык активисттер “Жетим-Тоо темир кенин коргоо” кыймылын түзгөн. Айрым жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы чыккан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл апрель айында “Азаттыкка” курган маегинде Кумтөр алтын кенинен түшкөн киреше башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Жетим-Тоону иштетүү үчүн кеминде 2 млрд. доллар керек экенин айткан.

Быйыл август айында кендин айланасындагы талкуу кайра күчөгөн. Садыр Жапаров анда азырынча Жетим-Тоону иштетүүгө даярдык көрүлө электигин, бирок геологиялык иштер жүргүзүлүп, кендин корун тактоо буйругу берилгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG