Киев менен Москва “50-50” форматында туткун алмашты

Андрей Ермак жарыялаган сүрөт.

Украина менен Орусия “50 адамга 50” форматында өз ара туткун айырбаштады. Бул тууралуу украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак кабарлады. Бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинанын Донецк облусундагы жикчилдердин лидери Денис Пушилин дагы ырастады.

Ермак Киевге кайткан туткундардын арасында Куралдуу күчтөрдүн, Улуттук Гвардиянын жоокерлери, чек арачылар жана Мариуполдун, “Азовсталдын” коргоочулары, Змеиный аралынан кармалгандар бар экенин маалымдады.

Пушилин мекенине кайтарылган жоокерлерди дарылып, реабилитациядан өткөрүү үчүн Москвага жеткирилери кабарлады.

Киев менен Москва соңку ирээт ушул айдын башында “107 адамга 107” форматында туткун алмашкан.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров аймактык реформа Түп районунан башталарын билдирдиПрезидент бийликтин темир кендерин иштетүү максаты бар экенин айттыУкраина: айрым аймактарда суу менен жарык берүү калыбына келтирилдиСадыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы болгондорду сындады