"Талибан" эл көзүнчө ондон ашык адамга балак урду

Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандын Логар провинциясында талибдер стадионго чогулган жүздөгөн адамдардын алдында 12 адамга камчы менен балак урушту. Алардын үчөө аялдар. Бул үчүн 23-ноябрда жергиликтүү бийлик социалдык тармактар аркылуу стадионго «ардактуу окумуштууларды, можахеддерди, айыл жана уруу аксакалдарын, провинция тургундарын» топтогон.

Маалыматтарга караганда, уурулук, түгөйүнүн көзүнө чөп салуу үчүн соттолгондорго эл алдында 21ден 39га чейин балак урулган. Байкоочулардын айтымында, байыркы жапайы тажрыйбанын жанданышы талибдердин шарият мыйзамдарын бекем сактоо ниетин көрсөтүүдө.

Эл алдында жазалоо, таш бараңга алуу 1996-2001-жылдары талибдер бийликте отурган кезде кадимки көрүнүш болчу. Былтыр кайра Ооганстандын бийлигин басып алган талибдер өлкөнү жаңыча башкарууга, аялдар менен азчылыктардын укуктарын эске алууга убада беришкен. Анткен менен кыз-келиндердин укуктары ушул күнгө чейин сакталбай, кыздар мектепте окуй албай келишет.

Дагы караңыз

Ташиев оор кылмыштарга шек саналган депутаттар бар экенин билдирди Мирзиёев Франциядан инвестиция тарткысы келетДепутат УКМКнын басымына даттандыТокаевдин тополоңдон кийинки жеңиши