Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:41

Ташиев оор кылмыштарга шек саналган депутаттар бар экенин билдирди


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Элвира Сурабалдиеванын кысым, коркутуу тууралуу дооматтарына жооп берди. Ал депутаттын жакындарына таандык Бишкектеги "Кудайберген" базары мамлекетке ири суммадагы салык төлөбөй койгонун маалымдады. Ошондой эле азыркы депутаттар арасында оор кылмыштарга шек саналып жаткандар бар экенин билдирип, алардын аты-жөнүн атаган жок.

"Базарда контейнерлердин ар биринен 2-3 миңден жыйнадык деп отчет беришкен. Бирок эң аз дегенде 7-15 миңден жыйнашкан. Салык кызматы эсептеп чыкканда "Кудайберген" базары 70 миллион сомдой акча төлөбөй койгону аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Булар аны төлөөгө милдеттүү. Анан депутатмын деп эле ушул жерден туура эмес малымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз. Андан сырткары башка депутаттарга козголгон иштер бар. Оор кылмыштарга байланыштуу иштер дайындалып, экспертизалар чыгып жатат. Жакында Башкы прокуратура иш козгосо, аны дагы айтып чыкпагыла. Араңарда өтө оор кылмыштарга шек саналып жаткандар бар. Ал боюнча бизге керектүү адамдар өздөрүнүн арыздарын берди",-деди Ташиев.

Мунун алдында Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, кысым башталганын айтып чыккан.

"Кемпир-Абаддын берилишине каршы добуш берген депутаттарды коркутуп-үркүтүү болуп жатат. Бизди коргой албасаңыз, анда биз сизди эмнеге шайладык? Баса, кечээ менин туулган күнүм болду, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев), белегиңизди эч качан унутпайм. Менин инимди "иш козгойм" деп коркуткан УКМКнын кызматкерлерин да унутпайм. Кечээ каршы добуш берген депутаттардын баары менен сүйлөшсөм, баарынын мамлекеттик кызматта иштеген туугандарын, жакындарын жумуштан алып жатыптыр. Менин жакын туугандарымдын арасында мамлекеттик кызматта иштегендери жок, бирок алыскы туугандарымды иштен алып жатыптыр. УКМК, ушуга чейин барсаңар, оокатыңарды, бизнесиңерди тартып алам десеңер, бул Бакиевдердин тушунда да болгон эмес. УКМК менин туугандарымдын бизнестерине келип, "ал кызды тыйынсыз калтырам, талаада калтырам" деп коркутуп жатыптыр. Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы?",- деген Сурабалдиева.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдогон. 19у каршы добуш берген, арасында Сурабалдиева да бар.

Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапкан.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG