Зеленский БУУну Орусиянын аткылоосуна каршы чара көрүүгө чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, Орусиянын ар кандай инфраструктураларды аткылоосун токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды. 23-ноябрда орус армиясынын кезектеги жапырт ракеталык чабуулунан Украинада алты киши каза болуп, бир катар шаарлар суусуз, жарыксыз калды.

"Бүгүн, бир күндө эле жетимиштей ракета атылды. Бул орус террорунун формуласы", - деди Зеленский.

Анын айтымында, баарынан көп ооруканалар, мектептер, транспорт түзүмдөрү жана карапайым тургундар жашаган райондор жабыркаган. Украин президенти Коопсуздук кеңешин Орусияны вето коюу укугунан ажыратууга чакырды.

Орусиянын БУУдагы туруктуу элчиси Василий Небензя Батыш Украинанын курал-жабдык менен камсыздап жатышына жооп катары Москва маанилүү обьектилерге сокку уруп жатканын билдирди. Ал ошондой эле карапайым тургундардын үйлөрү Украинанын абадан коргонуу системасынын айынан жабыркап жатканын кошумчалады.

Орусиянын Украинага кол салганына толук тогуз ай болду.

Дагы караңыз

Баткен: Бала бакчанын төрт кызматкери ооруканага түштүКыргызстан сыртка товар ташуунун үч жаңы маршрутун иштеп чыкты Темировдун жубайы күйөөсү Москвада туугандарына жеткенин билдирди Ташиев оор кылмыштарга шек саналган депутаттар бар экенин билдирди