Түркиянын Дүзже аймагындагы жер титирөөдө 35 киши жараат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

23-ноябрда Түркиянын Дүзже аймагында күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү баш калаа Анкара, Стамбул, Бурса жана Измир шаарларында да сезилди.

Ички иштер министри Сулайман Сойлу аймакта жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын абалы такталып жатканын Твиттерге жазды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 35 киши жараат алганын кабарлады.

Түркиялык маалымат каражаттары дубалдары кулаган үйлөр жана имараттар бар экенин жазып жатышат.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Түркияда эң күчтүү жер титирөө 1999-жылы 17-августта да ушул Дүзже аймагында болгон. Кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

Дагы караңыз

Баткен: Жолдо каза болгон сегиз адамдын бешөө бир үй-бүлөдөн экени кабарланды Түлөбаев Кумтөр боюнча депутаттык комиссиядан маалымат алууну сунуштадыЖК: түндүк-түштүк кошумча жолунун курулушун иликтөө демилгеси көтөрүлдү Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси парламентке чакырылды