Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушун иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Ал парламенттин буга чейинки чакырылышында дагы мындай демилге көтөрүлгөнүн, бирок ишке ашпай калганын айтты.
"Ош-Бишкек альтернативдүү жолуна бир миллиард доллардай акча каралган. Эгер биздин тышкы карызыбызды 4,5 миллиард доллар десек анда бул каражат анын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Буга чейинки чакырылышта дагы комиссия түзүп үлгүрбөй калганбыз. Мен депутаттык комиссия түзүү сунушун берем. Себеби ал жерде көп мыйзам бузуу бар деп угуп келе жатабыз. Комиссия түзүп, ушул маселени карап чыксак",-деди Абдалиев.
Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутаттык комиссия түзүү үчүн кайсы бир фракциянын, же комитеттин чечими керектигин билдирип, Абдалиевге ушундай чечими менен келүүнү сунуштады.
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя алынган. Анын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган.
Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары жана курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.
Мындан туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кара жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Ушул жылдын башында Көк-Арт ашуусунда кичи кошумча тоннел ачылган.
Быйыл жазында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана Жогорку Кеңеште жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.