Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы С тайпасындагы беттеште Аргентина курамасы Сауд Арабияга 1:2 эсебинде утулду. Оюн 22-ноябрда болду.
С тайпасындагы дагы эки команда - Мексика менен Польша да ушул күнү беттешет.
Чемпионатка катышып жаткан 32 мамлекет сегиз тайпада күч сынашууда. Ар бир тайпада төрттөн команда бар. Алар бири-бири менен беттешип, тайпадан эки курама кийинки баскычка чыгат.
Алгач ирет күз жана кыш мезгилинде өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталды. Ал бир ай уланмакчы.
Перс булуңундагы бул араб мамлекети мелдешти өткөрүү үчүн 200 миллиард доллар сарптады.
Дагы караңыз
Индонезия: зилзала курмандыктары 250дөн аштыМирзиёев Парижге барганда активисттер акцияга чыгышты