Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Индонезия: зилзала курмандыктары 250дөн ашты


Индонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду.
Индонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Индонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталып, 250дөн ашык адам мерт болду. Дагы жүздөгөн адам жабыркап, миңдеген турак жай талкаланды.

Индонезия зилзала көп катталган сейсмикалык активдүү зонада жайгашкан жана анын тарыхында миңдеген адамдардын өмүрүн алган кырсыктар катталган.

Аралдагы зилзала

45 жаштагы Арис талкаланган үйлөрдүн жигин издеп жаткан экскаватор менен куткаруучуларга жардам берип жүрөт. Индонезиянын Батыш Ява провинциясында жер силкинип, анын үй-бүлөсү дайынсыз болууда. Ал өзү алыскы шаардан шашып келди.

Индонезиянын тургуну Арис журналисттерге буларды айтты:

“Мен аялымды, балдарымды табышым керек. Алар үчөө болчу, аялым, эки кызым. Жер силкинген учурда көчкү басып калыптыр. Түнү менен жол жүрүп келип, баары тыптыйпыл болгонун көрдүм. Баарын жер жалмап кетиптир”.

Индонезиянын Ява аралы.
Индонезиянын Ява аралы.

Ява аралындагы 21-ноябрдагы зилзаланын күчү эпицентрде 5,6 баллга жеткени маалымдалды. Индонезияда мынчалык жер силкинүү болуп эле жүргөнү менен бул жолу апааттын кесепети чоң болду.

Баштапкы маалыматка караганда, 14 миңдей турак жай талкаланды. Кеминде 250дөй киши мерт болуп, миңдеген адам жабыркады. Үй-жайсыз калгандар атайын лагерлерге эвакуация болду.

Индонезиянын тургуну, лагерде жаткан аялдардын бири Куку мындай деди:

“Менин жети балам бар, бир баламды таба албай койдук. Дайынсыз болуп жатат. Балдар ылдыйда, мен үстүдө кир жууп жаткам. Бир маалда баары кыйрап калды. Урандылардын астынан эки баламды сууруп чыктым, калгандарын алып бул жакка келдим. Баламды табышканга жардам кылышсын”.

Зилзала катталган аймак.
Зилзала катталган аймак.

"Үйлөрдү бышык кылып салыш керек"

300 миллионго чукул эли бар Индонезиянын бийлиги өлгөндөрдүн жана жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Учурда куткаруу иштери уланууда.

Өкмөттүк күчтөрдүн куткаруучусу Рози Байтулла жеринде тазалоо жумуштарын жүргүзүү кыйын болуп жатканын моюнуна алды:

“Куткаруу иштери абдан оор жүрүп жатат. Анткени жердин кыртышы эзилген, жабышкак абалда турат. Эвакуация үчүн техника, аспаптар жетишсиз болуп жатат. Экскаваторлор да тартыш”.

Аралда катталган зилзала 75 чакырым алыстыктагы өлкө борбору Жакартада да сезилди. Бул шаарда да эки миңдей үй жабыркап, 5 миңден ашык киши жер которду. Индонезиянын президенти кырсык болгон жерге келип, жабыркагандарга көңүл айтты.

Зилзаладан кийин бир нече саатка электр жарыгы өчүп калган.
Зилзаладан кийин бир нече саатка электр жарыгы өчүп калган.

Индонезиянын президенти Жоко Видодо телеканалдарга комментарий берип жатып, буларга токтолду:

“Мен жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн тиешелүү кызматтарды мобилизациялоого тапшырма бердим. Өзгөчө көчкү басып калган үйлөргө жол ачышыбыз керек. Биринчи кезекте дайынсыз жоголгондорду издеп таап, аман калгандарды куткарышыбыз шарт. Биз бул кырсыктан тиешелүү сабак алганыбыз туура болот. Үйлөрдү салганда, калыбына келтиргенде жалаң сейсмикалык стандарттар менен курушубуз керек. Анткени мындай зилзалар 20 жыл сайын кайталанып турат”.

Батыш Ява провинциясы. 21-ноябрь, 2022-жыл.
Батыш Ява провинциясы. 21-ноябрь, 2022-жыл.

Индонезия Тынч океанындагы “От шакекчеси” деп аталган жанар тоолордун чөлкөмүндө, башкача айтканда планетадагы сейсмикалык жактан өтө опурталдуу аймакта жайгашкан. Мында буга чейин миңдеген адамдын өмүрү кыйылган табигый кырсыктар катталган.

Эң чоң кыргынга алып келген жер силкинүү 2004-жылы Индонезиянын курамына кирген Суматра аралында катталган. Анын күчү 9,1 баллга жетип, андан улам цунами 14 өлкөнү каптаган. Бул кырсыктан кеминде 226 миң адам каза болгон жана анын жарымы индонезиялыктар эле.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG