НАТО Орусияны террордук өлкө деп таанууга чакырды

НАТОнун желеги.

НАТО бардык мүчөлөрүн Орусиянын азыркы режимин террордук деп таанууга чакырды. Бул тууралуу 21-ноябрда НАТОнун Парламенттик ассамблеясы бир добуштан кабыл алган резолюцияда айтылат.

Документте ошондой эле Орусиянын агрессиясы боюнча атайын Эл аралык трибунал түзүү зарыл экени белгиленген.

"Орусиянын жетекчилиги чыныгы террорчулар сыяктуу болуп көрбөгөндөй жапайычылыктка барып, карапайым калкка жана инфратүзүмдөргө кол салып жатат. Алар эл аралык трибуналда террорист катары соттолушу керек", - деди НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жаңы шайланган президенти Жоэль Гарьо-Майлям.

Буга чейин ушундай эле резолюцияны Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы, Эстония, Латвия, Литва, Польша жана Чехиянын парламенттери кабыл алышкан.

Украина дүйнө өлкөлөрүн Орусияны террордук мамлекет катары таанууга чакырып келатат. АКШ администрациясы октябрда Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары таанууну колдоого даяр эместигин билдирген. Ак үй мындай кадам Орусия менен маанилүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн толугу менен токтотот деп эсептейт. Франциянын президенти Эммануэл Макрон да буга каршы чыккан.

Орусия өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Дагы караңыз

Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 250дөн аштыБайгер өлкөлөр планетаны сактоону моюнуна алат Бакиров: "Мегаком" баштаган сатыкка чыкчу 30дай ишкананын тизмеси бекиди