Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Бакиров: "Мегаком" баштаган сатыкка чыкчу 30дай ишкананын тизмеси бекиди


"Мегаком" ишканасынын кеңсеси, Бишкек. Архив сүрөт.
"Мегаком" ишканасынын кеңсеси, Бишкек. Архив сүрөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында саттыкка коюлчу мамлекеттик ишканалар тууралуу маалымат берди. Анда "Мегаком" деген аталыш менен таанымал "Альфа Телеком" баштаган мамлекеттин үлүшү бар 30дай ишканадан турган тизме бекигенин маалымдады.

"Убагында "Альфа Телеком" 19 миллиард сомго бааланган. Эми азыркы баасы 14-15 миллиард сом болушу мүмкүн. Биз талдап, баалоочулар менен пикир алышканда ушундай орточо баасы чыкты. Азыр так айта албайбыз, себеби аны баалоочу компания так аныктайт. Андан башка дагы сатыла турган активдер бар. Бул "Керемет" банк, Кепилдик фондундагы үлүшүбүз, "Сарамжал Транс" ишканасы баштаган баш-аягы 30дай ишкананын тизмесин бекиттик",- деди Бакиров.

Былтыр июлда Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин отурумунда Улуттук банк "Альфа Телекомду" сатып алышы мүмкүн экенин айткан. Анын алдында Министрлер кабинети менчиктештирүү жараянынын баштапкы баскычы катары "Альфа Телеком" компаниясын, Кепилдик фондунун, "Керемет" банктын жана Евразиялык сактык банкынын (РСК банкы) акцияларын сатууну сунуштаган.

Мындан көп өтпөй Улуттук банктын ошол кездеги төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев "Альфа Телекомду" Улуттук банк сатып албай турганын билдирген.

Былтыр май айында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган.

Мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аткарат. Аталган фонддун маалыматына ылайык, мындай ишканалар былтыр жалпысынан 11,097 миллиард сом киреше тапкан.

Анын басымдуу бөлүгүн "Манас" эл аралык аэропорту (4 млрд), "Кыргызалтын" (2,7 млрд), "Кыргызнефтегаз" (2 млрд) жана "Альфа Телеком" (1,5 млрд) берген.

XS
SM
MD
LG