Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду

Москва.

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалганын 22-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Киши колдуу болгон сөөк табылганына байланыштуу окуя тууралуу кыска маалымат берген мекеме ал адам Кыргызстандын 50 жаштагы жараны экенин, Москвада такси айдоочусу болуп иштеп жүргөнү аныкталганын маалымдады.

Факт боюнча Москванын Кунцево район аралык тергөө бөлүмүндө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлө баштады.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү жеткирилди. (RK)

Дагы караңыз

Бакетаев тышкы карыздын өсүшүн инвестициялык долбоорлор менен негиздедиЭлдик касиетти, кыргыз демин жазган акынКатар-2022: Жемкорлук, мигранттар жана миллиарддарБакиров: "Мегаком" баштаган сатыкка чыкчу 30дай ишкананын тизмеси бекиди