Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы өрттө каза болгондор, жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат. Элчиликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин "Азаттыкка" билдирди.
Москванын борборунда 20-ноябрда күйүп кеткен имараттын урандыларынын астынан сегиз адамдын сөөгү табылган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы дагы жети киши куткарылганын кабарлаган.
Жекшемби күнү түштөн кийин Каланчевская аянтына жакын жайгашкан эки кабаттуу имаратта ири өрт чыккан. Ал жерде эмерек, чырак жана гүл дүкөнүнүн кампасы жайгашкан. Өрттүн жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн.
Өрттү өчүрүүгө 42 техника, анын ичинде үч тик учак жана бир өрт өчүрүүчү поезд тартылган. Куткаруучулар жалын менен беш сааттан ашык күрөшкөн. Имарат толугу менен күйүп, кабаттар ортосундагы шыптары урап түшкөн.
Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Тергөөчүлөр кампада товар туура эмес сакталып, өрт коопсуздук эрежелери бузулганын аныкташкан.
Дагы караңыз
Деркембаев Шакиевдин талкуу жараткан сүрөтү жөнүндө түшүндүрмө берди Бакетаев тышкы карыздын өсүшүн инвестициялык долбоорлор менен негиздедиЭнергетика тармагына кийинки жылы 10,8 миллиард сом бөлүнөтИндонезияда жер титирөөдө кеминде 162 адамдын өмүрү кыйылдыКулубаев Кытайдын элчиси менен чек арадан жүк өткөрүү көйгөйүн сүйлөштү Польша Украина менен чек арасына абадан коргонуучу система орнотот