Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Кулубаев Кытайдын элчиси менен чек арадан жүк өткөрүү көйгөйүн сүйлөштү


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 21-ноябрда Бишкекте Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен жолукту. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, анда өз ара кызматташууга байланыштуу бир катар маселелер, анын ичинде жүк ташуу көйгөйү талкууланды.

“Тараптар алака-катыштын актуалдуу маселелери, соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө, кытай өкмөтүнүн гранттарына инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу пикир алмашты. Ошондой эле көп жана эки тараптуу маанилүү иш-чаралардын планын талкуулады. Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын жүк ташуучуларынын Кытайдын деңиз портторундагы жүктөрүнүн токтоп турушуна, эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз жүк ташууну камсыз кылуу үчүн көзөмөл өткөрмө бекеттеринин ишин оптималдаштырууга байланыштуу көйгөйлөрдү белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга келүүчү импорт эки эседен ашуун өлчөмдө азайган. Чек арадан өтүүчү жүк машинелердин саны 10 эсе кыскарган.

Бишкек Бээжинден чек арадагы "Эркечтам" жана "Торугарт" бажыканаларынан жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүнү өтүнүп келет.

XS
SM
MD
LG