Германия Польшага абадан коргонуучу Patriot системасын сунуштады

Patriot

Германия Польшанын аба мейкиндигин коргоого жардам берүү үчүн Patriot системасын сунуштады. Польшанын Украина менен чектеш айылына ракета тийгенден кийинки бул сунуш тууралуу Германиянын коргоо министри Кристина Ламбрехт билдирди.

Берлин муну өткөн аптада демилге кылган. Эгер Польша кааласа, бул үчүн Германиянын Eurofighter истребителдери колдонулушу мүмкүн. Маалыматка караганда, истребителдерди Польшага өткөрүп берүүнүн кереги жок, алар Германиянын аба күчтөрүнүн базаларынан учуп чыгат.

Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТОго мүчө өлкөлөр Чыгыш Европада абадан коргонууну чыңдай баштаган. Германия баштаган НАТОнун ондон ашык союздаштары октябрь айында абадан коргонуу системаларын, анын ичинде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин биргелешип сатып алуу демилгесин көтөрүшкөн. Алар бутаны кармоо үчүн иштелип чыккан.

Кансыз согуш учурунда Германияда 36 Patriot болгон. Учурда өлкөдө 12 ушундай система бар, алардын экөө Словакияда орнотулган.

15-ноябрда Польшанын Пшеводув кыштагында ракета кулап, эки адамдын өмүрүн алган. Бул окуя орус аскерлери Украинанын аймагын жапырт аткылаган учурга туш келген.

Киев ракета Орусияга таандык экенин айтууда. Орусия муну четке кагууда. Польшанын бийликтери аны Украинанын абадан коргонуу ракетасы деп божомолдогон. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий иликтөө уланып жатканын жергиликтүү радиого жекшембиде билдирди.

Дагы караңыз

Төө-Ашууда жол тазалоо иштери жүрүп жататМосквада күйүп кеткен имараттан сегиз кишинин сөөгү табылдыДепутат Бакиров Ак үйдөгү кызматтык бөлмөсү алмашканын билдирди