Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:14

Төө-Ашууда жол тазалоо иштери жүрүп жатат


Төө-Ашууда токтоп турган автоунаалар.
Төө-Ашууда токтоп турган автоунаалар.

Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө жок. Учурда жолду тазалоо, кум чачуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Министрлик айдоочуларга кышкы дөңгөлөк салууга, чынжыр тагууга жана тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоону эскертти.

17-18-ноябрда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар түшүп, түнкүсүн узун тыгын пайда болгон. Социалдык тармактарда айрым айдоочулар жолдорго кум чачылбай калганына нааразы пикирлерин жазышкан.

Транспорт жана байланыш министрлиги жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизүү сунушуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы көңүл бурбай койгонунан улам тыгын пайда болгон деп түшүндүргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG