Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылында бүгүн 21-ноябрда адам өлтүрүүгө шектелип кармалган жергиликтүү тургунга каршы акция өтүп жатат. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга Базар-Коргон районунан барган элүү чакты адам катышууда. Коопсуздукка милиция кызматкерлери көз салып турушат.
Акциянын катышуучулары шектүүнүн үй-бүлөсү менен чогуу башка жакка көчүп кетүүсүн, аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылып жатышат.
Алар талаптарын аткарууну өтүнүп, маселеге коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн бурдуруу максатында Бишкек-Ош жолунун ошол айылдын тушундагы тилкесин тороо аракетин көрүштү. 5-10 мүнөттөн кийин жол кайра ачылды.
Окуя Ноокен районунда 8-ноябрда болгон. Милициянын маалыматына караганда, суу аккан сайдан 19 жаштагы кыздын киши колдуу болгон сөөгү табылган. Кыз Базар-Коргон районунун тургуну болгону аныкталып, аны өлтүрүүгө шек саналган 58 жаштагы адам кармалган жана Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Окуяны иликтөөгө Жалал-Абад, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери тартылып, шектүү катары кармалган киши буга чейин зордуктоо жана башка иштер үчүн бир нече жолу соттолгону, 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.
Тергөө учурунда шектүү кылмыш жасаганын айтып, окуя кандай болгонун жеринен көрсөтүп бергени да айтылган. (ТВ)
Дагы караңыз
“Соцтармакта суроо көп болду": Чек ара маселесине Өзбекстандагы реакцияСот Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болотЖКда мугалимдердин айлыгына байланыштуу маселеси көтөрүлдү