Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:11

Сот Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты


Канатбек Исаев. 21-ноябрь, 2022-жыл.
Канатбек Исаев. 21-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 21-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Исаевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Сот жараяны жабык болгон жана анын алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Исаевге козголгон кылмыш ишинде "жашыруун" деген гриф бар экенин маалымдаган, бирок анын чоо-жайын тактаган эмес.

Исаевдин жакындары жана тарапташтары аны бошотууну талап кылып шаардык соттун имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышкан.

Канат Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы жана активисттер менен катар 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалганын, тергөө абагында 23-нобярга чейин болорун билдирген. Сот УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрткөн.

2017-жылы Исаев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылып, алгач 48 саатка, кийин соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

XS
SM
MD
LG