Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат

Катар

Бүгүн Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталууда. Алгачкы беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Катар жана Эквадордун курама командаларынын ортосунда болот. 18-декабрга чейин уланчу чемпионатта 32 өлкөнүн курама командалары беттешет. Алар:

A тобу: Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланддар;

B тобу: Англия, Иран, АКШ, Уэльс;

C тобу: Аргентина, Сауд Арабиясы, Мексика, Польша;

D тобу: Франция, Австралия, Дания, Тунис;

E тобу: Испания, Коста-Рика, Германия, Жапония;

F тобу: Бельгия, Канада, Марокко, Хорватия;

G тобу: Бразилия, Сербия, Швейцария, Камерун;

H тобу: Португалия, Гана, Уругвай, Түштүк Корея.

Беттештер Катардагы беш шаардагы сегиз стадиондо өткөрүлөт. Катардагы климатка байланыштуу күз-кышкы мезгилде өткөрүлүп жаткан чемпионатты уюштурууга 200 миллиард доллар сарпталып, эң кымбат футболдук мелдештердин бири катары тарыхка кирди.

Катар бул чемпионатты өткөрүүгө укук алган мезгилден тарта ар кыл жаңжал орун алып келди. Бул өлкөнү тандоо учурундагы ФИФАдагы айрым жетекчилер коррупцияга шектелсе, кийин спорттук жайларды куруудагы курмандыктар, Катардагы адам укуктарынын абалы боюнча сын-пикирлер токтогон жок.

Футбол боюнча чемпионаттын башталарына бир күн калганда бир катар укук коргоочу уюмдар Эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинонун Дохадагы сөзүн сындап чыгышты. 19-ноябрда Инфантино Батыштын Катардагы адам укугун бузуулар тууралуу билдирүүлөрүн «эки жүздүүлүк» деп айткан.

Дагы караңыз

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Вигери Мамдепартаментте ант берди Назарбаев Карим Масимовдун артында ким турганынан кабары жок экенин айтты Оксфорд сөздүгү англисче-казакча жарык көрөтДүйнө калкы 8 миллиардга жетти. Индия Кытайды басып өтөбү?