АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте ант берип, кызматка киришти.
Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги Твиттердеги баракчасына жарыялады. Вигери буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген.
Ошондой эле АКШнын Өзбекстандагы элчисинин орун басары болгон, Индияда жана Орусияда дипломатиялык кызматтарда иштеген.
АКШнын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Дональд Лу өткөн жылы мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындалган.
Дагы караңыз
Назарбаев Карим Масимовдун артында ким турганынан кабары жок экенин айтты Дүйнө калкы 8 миллиардга жетти. Индия Кытайды басып өтөбү? Оксфорд сөздүгү англисче-казакча жарык көрөтКриптовалюта кризиси: Биткоин төрт эсе арзандады