Сахалиндеги жарылууда каза болгондордун саны тогуз адамга жетти

Сахалиндеги жарылуу. 19-ноябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Сахалин облусундагы жарылуудан набыт болгондордун саны тогуз адамга жетти. Алардын төртөө балдар экени, он киши жараат алганы кабарланды. Бул тууралуу облустун губернатору Валерий Лимаренко Телеграмдагы каналына жазды.

19-ноябрда Сахалин облусунун Тымовск районундагы жарылуудан беш кабаттуу үйдүн подьезди кыйрады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, газ жарылган. "Интерфакс" агенттигине аталган министрликтен "Баштапкы маалыматтар боюнча беш кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде газ баллону жарылган", - деп билдиришкен.

Куткаруучулар урандылардын алдынан издөө иштерин улантып жатышат. Аларга жергиликтүү тургундар көмөктөшүүдө.

Сахалин облустук прокуратурасы жарылуунун себептерин иликтей баштаганы, окуя болгон жерде райондук прокурор жүргөнү кабарланды.

Тергөө комитети адам өлүмүнө алып келген жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: Жапаров маселе чечилерин айттыКомпозитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйландыЧек ара: Ташиев Тажикстан менен сүйлөшүүдө жылыш барын айтты“Азаттыктын” 85 жаштагы каарманы акысыз билим ала турган болдуАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаайт