Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

“Азаттыктын” 85 жаштагы каарманы акысыз билим ала турган болду


85 жаштагы студент Мамат Кулматов курсташтары менен. ОшМУ. 18-ноябрь, 2022-жыл.
85 жаштагы студент Мамат Кулматов курсташтары менен. ОшМУ. 18-ноябрь, 2022-жыл.

“Азаттыктын” каарманы, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медицина факультетинин 1-курсунун студенти - 85 жаштагы Мамат Кулматов окуу үчүн акы төлөөдөн бошотулганын "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин айына 2500 сом төлөп, шарты жок батирде жашап жаткан аксакалга окуу жайдын жатаканасынан бөлмө да берилген.

“Учурда шарты жакшы жатаканада жашап жатам. Мындай шартты окуу жай түзүп берди. Кубанып турам. Келишим боюнча жылына 45 миң сом төлөшүм керек эле. Эми акысыз окуйсуз дешти”, - деди Мамат Кулматов.

Бул маалыматты ОшМУнун ректорунун жардамчысы Мелис Маматжан уулу "Азаттыкка" ырастады.

"Азаттык" Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 1-курсунун студенти, 85 жаштагы Мамат Кулматов тууралуу бир ай мурда видео тарткан.

Ал жаш кезинде жетим өсүп жогорку билим албай калгандыктан окууну кеч болсо да улантууну туура көргөндүгүн айткан.(AAb/ZKo)

XS
SM
MD
LG