Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды

Муратбек Бегалиев сыйлык тапшырылгандан кийин. Бишкек. 18-ноябрь, 2022-жыл.

Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамын ыйгарды.

Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус 18-ноябрда тапшырды.

Наамды тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Франциянын Искусство жана адабият ордени 1957-жылы искусство, адабият тармагындагы жетишкендиктери үчүн кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгаруу максатында түзүлгөн.

Белгилүү композитор, Кыргызстандын эл артисти Муратбек Бегалиев 30дан ашуун кинофильмдердин, бир катар спектаклдердин музыкасын жазган, "Манас", "Помпейдин акыркы күнү" ж.б. симфониялардын автору.

Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияны 1993-жылы ошол кездеги президенттин буйругу менен негиздеп, жетектеп келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Чек ара: Ташиев Тажикстан менен сүйлөшүүдө жылыш барын айттыБакиевдин үйүнүн ордуна курулган балдар борборунун курулушу аяктап калганы кабарландыЖарандык форумдагы көргөзмөгө "Азаттыктын" кабарчысынын сүрөттөрү коюлдуКыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолуудаЧек ара: Бишкекти жер, Ташкентти суу кызыктырабы?