Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Бакиевдин үйүнүн ордуна курулган балдар борборунун курулушу аяктап калганы кабарланды


Реабилитациялык борбордун курулушу. Сүрөт Дайырбек Орунбеков жарыялаган видеодон алынды.
Реабилитациялык борбордун курулушу. Сүрөт Дайырбек Орунбеков жарыялаган видеодон алынды.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык турак жайдын ордуна салынып жаткан реабилитациялык борбордун курулушу аяктап калганы кабарланды.

Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукка жазды.

"Үч кабаттуу жана жертөлөсү менен салынып жаткан реабилитациялык борбор заман талабына ылайык келет. 100 орундуу борбор балдардын ден соолугуна акысыз кызмат көрсөтөт. Курулуш башталган кезде такталбаган көп маалыматтар тарап, атайын каралоо, жалаалар айтылган. Реабилитациялык борбор элге кызмат кылат, ишке берилгенден кийин тиешелүү мамлекеттик мекеменин балансына өтөт", - деп жазды Орунбеков.

Бул реабилитациялык борбордун курулушу ушул жылдын июнь айында башталган.

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү 2010-жылы 7-апрелде өрттөнгөн. 2010-жылдан кийин ал жерде майыптыгы бар адамдар баш калкалап келген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы мамлекетке өткөн турак жайына карылар үйү ачыла турганын кабарлаган.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 30 миңден ашуун. Алардын ичинен 6 миңдейи такай кароого муктаж. (ZKo)

XS
SM
MD
LG