Илимдер академиясында жетекчилик алмашты

Канатбек Абдрахматов.

Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болгон Канатбек Абдрахматов бул кызматка жаңы жетекчи шайланганча убактылуу бир жылдык мөөнөткө дайындалганын бүгүн 18-ноябрда «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Академиянын Сейсмология институтунун директору, 69 жаштагы Абдрахматов президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөттүн буйругу менен 15-ноябрда дайындалганы, мекемеге жетекчи беш жылга шайланары, буга чейинки президент Муратбек Жуматаевдин беш жылдык мөөнөтү аяктаганы маалымдалды.

Жуматаев академияга президент болуп 2017-жылдын 31-октябрында дайындалган.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген. (RK)

Дагы караңыз

Парламент кыргыз-өзбек чек арасына чекит койдуНазарбаевди айга-күнгө теңеген аткаминер кесилдиКыргыз бийлигинин бейөкмөт уюмдар боюнча сунушу сынга кабылдыБаланы интернетте тооруган коркунучтар талкууланууда