17-ноябрда Украинанын Запорожье облусунун Вольнянск шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан жети адам каза болду. Жергиликтүү бийлик Орусиянын ракетасы турак жайга тийгенин билдиргенин “Азаттыктын” орус кызматы жазды.
Украинанын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко курмандыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатканын айтты.
Маалыматка ылайык, Вольнянск шаарындагы төрт үй толугу менен талкаланган.
Украин президенти Владимир Зеленский буга чейин Орусия согуштун сегиз айында Украинага каршы дээрлик 4,5 миң ракета атканын билдирген.
15-ноябрда Орусия согуш башталгандан бери эң масштабдуу ракета чабуулдарын ишке ашырып, Украинанын аймактарына 100 чакты ракета аткан. (BTo)
Дагы караңыз
Нидерланд соту украин жана орус жарандарын өмүр бою эркинен ажыраттыЧек ара: Конституциялык сот келишим долбооруна корутунду бербеген себебин түшүндүрдүКазакстанда башаламандык уюштурууга айыпталып жети киши кармалдыМьянмада алты миңдей адамга мунапыс жарыяландыСадыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты (видео)