Казакстанда башаламандык уюштурууга айыпталып жети киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын коопсуздук кызматы "алдыдагы президенттик шайлоо маалында башаламандык уюштурууну көздөгөн жети киши кармалганын" билдирди.

"Прокуратуранын жардамы менен Улуттук коопсуздук комитети үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында жапырт башаламандык уюштурууну пландап жаткан кылмыштуу топтун аракетин токтото алды",-деп жазылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле расмий маалыматта кылмыштуу топ бир гана тополоң уюштурбастан, административдик мекемелерди, укук коргоо органдарынын имараттарын басып алууну көздөп жатканы белгиленген. Андан тышкары, кармалгандардын жанынан курал-жарак, рациялар табылганы жазылат.

Казакстанда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген. Ага алты талапкер ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкердин арасынан Токаевден башкасы анчейин таанымал эмес. Казакстанда быйыл өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык президент жети жылдык мөөнөткө шайланат.

Бул эки жүздөй адамдын өмүрүн алып, он миңден көп адамдын кармалган Январь окуяларынан кийинки биринчи шайлоо.

Дагы караңыз

Мьянмада алты миңдей адамга мунапыс жарыяландыСадыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты (видео)Бишкекте Кемпир-Абад боюнча нааразылык акциясы өтүүдөУкраинадан дан экспорттоо келишими 120 күнгө узартылдыКыргызстандык делегация Ооганстан боюнча кеңешменин жыйынына катыштыЖапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты