Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Украинадан дан экспорттоо келишими 120 күнгө узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий Киев билдиргендей, Кара деңиз портторунан украин эгинин экспорттоо тууралуу келишим дагы 120 күнгө узартылды.

"Чечим Стамбулда жактырылды. Демилгеге кепилдик берген талаптар катары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Түркия калууда", -деп жазылат Украинанын Инфраструктура министрлиги тараткан билдирүүдө.

Маалыматты БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дагы ырастап, тараптардын чечимин кубаттады.

"Соңку төрт айда 11 миллион тонна буудайдын экспорттолушу дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үчүн бул сүйлөшүү канчалык маанилүү экенин айгинелей алды", - деп жазды Твиттерге Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Учурда Украинадан дан Одесса, Түштүк жана Черноморск порттору аркылуу экспорттолууда.

Орусия Украинага согуш ачканы Кара деңиз аркылуу дан экспорттоого мүмкүн болбой калган. Бул маселени чечүү максатында июлда Орусия менен Украинанын ортосунда БУУ жана Түркиянын ортомчулугу менен атайын келишим түзүлгөн. Анын мөөнөтү 19-ноябрда соңуна чыкмак.

Октябрь айында Орусия Украинаны кемелерине жасалган чабуул үчүн айыптап убактылуу келишимден чыгып, кайра кайткан. Расмий Киев Москва жөн гана шылтоо издеп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG