Мьянмада алты миңдей адамга мунапыс жарыяланды

Мьянмада аскердик бийликке каршы чыккандар. 5-апрель, 2021-жыл.

Мьянманын бийлиги мамлекеттин Улуттук күнүнө карата жазасын өтөп жаткан алты миңдей адамга мунапыс берди. Алардын арасында төрт чет өлкөлүк жаран, он бир атактуу киши бар.

Мунапыска илингендердин катарында Мьянманын мурдагы мамлекеттик кеңешчиси Аун Сан Су Чжинин кеңешчиси, австралиялык экономист Шон Тернелл, Британиянын экс-элчиси Вики Боумен, америкалык ботаник Кьяу Хтай Оо жана жапон журналисти Тору Кубота бар.

2021-жылдын башында Мьянмада аскердик төңкөрүш болуп, бийликтен өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Су Чжи башында турган өкмөт кулатылган. Андан кийин Су Чжи он бир жылга эркинен ажыратылды.

Ошондон бери бийлик нааразылык акциялардын баарын күч менен басып келет. Укук коргоочулардын айтымында, бийликке каршы нааразылык митингдерди басууда эки миңдей киши өлтүрүлүп, он миңден көбү камалган. Ошондой эле ондогон активисттер өлүм жазасына тартылган.

2022-жылдын жайында Мьянманын аскердик хунтасы эл аралык коомчулуктун айыптоосуна карабай демократиячыл төрт активисттин өлүм жазасын ишке ашырды.

Дагы караңыз

Казакстан: Шайлоо өнөктүгүн коштогон кармоолор Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты (видео)Бишкекте Кемпир-Абад боюнча нааразылык акциясы өтүүдөУкраинадан дан экспорттоо келишими 120 күнгө узартылды