Казакстандын Актөбө облусуна караштуу райондук сот 16-ноябрда каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашеваны кырк күнгөкамакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Актөбө облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Укук коргоочу Ирина Гольцварттын айтымында, учурда сот чечимине каршы доо арыз даярдалууда.
Тлеубике Юлдашева 12-ноябрда казак-орус чек арасында кармалган. Ал "Жайсан" өткөрмө бекети аркылуу Орусияга чыгып кетүүнү көздөп жаткан.
Азырынча ал эмнеге шектелип жатканы белгисиз. Адвокаттын колуна соттун чечими тие элек. Укук коргоочулардын айтымында, Юлдашева өзбек бийлигинин суранычы менен кармалышы мүмкүн. Буга чейин Казакстанда туруктуу жашаган төрт каракалпакстандык активист Ташкенттин өтүнүчү менен камалган.
Human Rights Watch уюму Астананы кармалган активисттерди бошотуп, аларды баш паанек сурагандардын тизмесине кошууга чакырган.
Өзбекстанга караштуу Каракалпакстанда быйыл жайында болгон нааразылык акцияларын басууда 21 киши, анын ичинде коопсуздук кызматкери мерт болгон.
Эл аралык укук коргоо уюмдары ал окуяны бейтарап иликтөөгө чакырып келет.
Дагы караңыз
Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификацияладыЖогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификацияладыБайден Зеленскийдин ракета боюнча айткандарына ынанбай турганын айттыШаардык сотто Болот Темировдун ишин кароо 23-ноябрда уланмай болду