ЖКда Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти

Коммуникациялар министри Тилек Текебаев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, энергетика министри Таалайбек Ибраев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов. (солдон оңго карай)

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти.

Алар: транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, энергетика министри Таалайбек Ибраев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов.

Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров да катышууда. Ушул тапта парламентте Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар саттыЖогорку Кеңеш Кемпир-Абад маселесин карайт Кыргызстан-ЕБ кызматташтыгы боюнча келишим талкууландыШаардык сот Темировго каршы прокуратуранын апелляциялык арызын карайтПарламент “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтоттуБайден: Польшага тийген ракета Орусиядан атылган деген ыктымалдык аз