Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүнү карайт.
Бул маселе парламенттин сайтына жарыяланган күн тартибине киргизилген эмес. Бирок президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчы Садыр Жапаров 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышарын билдирген. Анын маалыматына караганда, жыйында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант берет, андан тышкары Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоору каралат.
15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырган. Документти кабыл алууда кворум маселеси талаш жаратты.
“Кемпир-Абадды коргоо комитети” Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырды.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.
Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.
18-ноябрда Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) аккредитациядан өткөрүү комиссиясы “Азаттык Медиа” мекемесинин онго чукул кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларын чакыртып алды. Парламенттин басма сөз кызматы мындай чектөө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүрдү.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (BTo)
Дагы караңыз
“Кемпир-Абадды коргоо комитети” депутаттарга кайрылдыКыргызстан-ЕБ кызматташтыгы боюнча келишим талкууландыШаардык сот Темировго каршы прокуратуранын апелляциялык арызын карайтБайден: Польшага тийген ракета Орусиядан атылган деген ыктымалдык азПарламент “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтоттуG20 саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынды