“Кемпир-Абадды коргоо комитети” депутаттарга кайрылды

Кемпир-Абад суу сактагычы.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырды.

“Элибиздин стратегиялык утулушун кантип мыйзамдаштырып бересиңер? Кемпир-Абад эч качан талаш жер болгон эмес!” - деп айтылат комитет тараткан билдирүүдө.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү - 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырган. Документти кабыл алууда кворум маселеси талаш жаратты.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйнында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына байланыштуу мыйзам долбоорлорун ратификациядан өткөрүү маселеси каралып, ага президент Садыр Жапаров да катышат деп күтүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Парламент “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтоттуG20 саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алындыЧек арада жаракат алган тажик аскери көз жумганы кабарланды  Столтенберг: Польшадагы окуяда жоопкерчилик Москвага жүктөлөтПрезидент ЖКнын регламенти жөнүндө мыйзамга кол койдуКадамжай: 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөр камакта калды