Сузактык үч айылды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн чакан ГЭС курулуп жатат.
Аны жергиликтүү ишкер куруп жатканын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, Сузактын Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы чакан ГЭСтин курулушу өткөн жылы башталып, учурда дээрлик 90% жакыны аяктап калды. Анын кубаттуулугу саатына 2400 кВтка чейин жетет.
Мындан тышкары Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда Чакан ГЭСтердин курулуш иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Жалал-Абад облусунун аймактарында жалпы 23 чакан ГЭС куруу долбоору даярдалган. Анын онун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалганын буга чейин президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев "Азаттыкка" билдирген.
Ички инвесторлордун жардамы менен Токтогул районуна эки, Кара-Көл шаарына бир, Аксы районуна эки, Чаткал районуна эки, Базар-Коргон районуна эки, Сузак районуна бир чакан ГЭС куруу мерчемделген. (TB)
Дагы караңыз
Нарматованын сотунда сүрөт-видео тартууга тыюу салындыКыргыз экспортундагы жаңы базарлар: Түштүк Азия жана ЕвропаМинистрлик “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшү боюнча маселени карайтЧек ара чырында жабыркагандардын маселеси парламентте көтөрүлдүАКШнын экс-президенти Трамп 2024-жылкы шайлоодо ат салышарын жарыяладыБаткен облусунда 13 айылдын аталышы өзгөртүлдү