Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Баткен облусунда 13 айылдын аталышы өзгөртүлдү


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен облусунда үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 16-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Баткендеги 13 айылдын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 20-октябрда кабыл алган. Айыл аймактардын аталышын алмаштыруу боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, жергиликтүү бийликтин чечимдери менен бекемделген, андан кийин Жогорку Кеңеш бекиткен.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Марказ айыл аймагы Айрыбаз, Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан, Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп өзгөртүлдү.

Андан тышкары Марказ айылы Айрыбаз, Валакиш айылы Тегирмеч, Ноогардан айылы Ак-Өргө, Халмион айылы Жеңиш, Даргаз айылы Кереге-Таш, Дархум айылы Жети-Таш, Маргун айылы Мурас, Чурбек айылы Үч-Булак, Мурза-Патча айылы Ак-Босого, Коммуна айылы Сары-Дөбө айылы деп өзгөртүлдү.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. (BTo)

XS
SM
MD
LG