Министрлик “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшү боюнча маселени карайт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүнө байланыштуу маселе 17-ноябрда саат 11:00дө караларын “Азаттык Медиага” жолдогон катында билдирди.

Катта “Азаттык Медианын” административдик даттануусу каралып бүтмөйүнчө сайтты бөгөттөө жөнүндөгү чечимди токтото туруу өтүнүчү канааттандырылбай турганы, андайга “Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик процедуралардын негиздери жөнүндө” мыйзам жол бербей турганы жазылган.

Буга чейин "Азаттык Медиа" министрликке кат жөнөтүп, сайтты бөгөттөө чечимин токтото турууну өтүнгөн. Катта мындай чечим мыйзамсыз жана негизсиз экени, ал Баш мыйзамга каршы келери, сөз эркиндигин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кепилдеген конституциялык нормалар бузулуп жатканы белгиленген.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарбай калды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырды. (RK)

Дагы караңыз

Чек ара чырында жабыркагандардын маселеси парламентте көтөрүлдүИсмаилова "Бир дүйнөдө" эки тасманы көрсөтүүгө тыюу салынганын айттыКыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификацияладыШаардык сот Орозайым Нарматованы абакта калтырды