УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди

Аткезчилик менен Тажикстандан алып кирилген акча. Баткен. Октябрь. 2022-жыл. (Сүрөт УКМКныкы)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткенге Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келген 2 млн. 750 миң АКШ доллары Кыргызстандын бюджетине чегерилгенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 15-октябрында Баткен районунун Кара-Бак айылында аткезчиликке тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын жаранынын автоунаасы кармалган. Машинени тинтүү учурунда Тажикстандан аткезчилик менен алып келинген 2 млн. 750 миң доллар табылган.

Бул факты боюнча 16-октябрда кылмыш иши козголуп, аткезчиликке шек саналган адамдар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

10-ноябрда Баткен райондук сотунун өкүмү менен акча ташууну уюштурууга катышкан Кыргызстандын алты жараны күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынды.

Баткендеги Кара-Бак айыл аймагы эки тарабынан Тажикстан менен 36 чакырым чектешет.

Былтыр Баткенде 29-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, товарларды киргизүүгө тыюу салган. (BTo)

Дагы караңыз

Батыштын бир катар маалымат каражаттары Украинада аккредитациядан ажыратылды Москвада Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү ачылдыРуслан Бекназаров акимдин орун басары кызматынан кеткенин билдирди Болот Темиров "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сыйлыгына көрсөтүлдүУТРК жана НТС каналы "Азаттыктын" радио, телеберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту Иранда өкмөткө каршы акциялардын катышуучусу өлүм жазага өкүм кылынды