Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Батыштын бир катар маалымат каражаттары Украинада аккредитациядан ажыратылды 


Херсон облусуна кире бериштердин бири. Украина. 13-ноябрь, 2022-жыл
Херсон облусуна кире бериштердин бири. Украина. 13-ноябрь, 2022-жыл

Батыштын бир катар маалымат каражаттарынын журналисттери согуш жүрүп жаткан аймактардагы иш тартибин бузгандыгы үчүн Украинадагы аккредитациядан ажыратылды. Бул тууралуу өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Фейсбуктагы расмий баракчада айтылгандай, айрым каражаттар "эскертүүлөрдү жана чектөөлөрдү көзгө илбей", Херсондо "турукташтыруу иши аяктай электе ал шаардан репортаждарды уюштуруп жатышты". Мындай жүрүм-турум аскердик бийликтин талаптарын одоно бузуу болуп саналат. Башкы штаб конкреттүү медианы жана журналисттерди атаган жок.

Кээ бир булактар бери дегенде алты журналист, арасында CNN жана SkyNews телеканалдарынын кабарчылары тууралуу кеп болгонун жазышты. Мындай маалыматты Украинанын "Түштүк" командачылыгынын ыкчам штабынын расмий өкүлү Наталья Гуменюк да айтты.

Маалымат каражаттарынын репортаждарында Херсондун тургундары шаарга кирген украин аскерлерин кантип тосуп алышканы баяндалган.

Жарым жылдан ашуун Орусиянын оккупациясында болуп келген калаа украин армиясынын көзөмөлүнө 11-ноябрда өткөн. Алгачкы күнү эле Батыштын бир катар телеканалдары ал жактан репортаждарын тартуулап жатышты. Херсондо жергиликтүү телекомпаниялар да иштеп келген.

Маалыматтарга караганда, шаардагы жана анын айланасындагы гуманитардык кырдаал оор бойдон калууда. Украин адистери инфраструктураны калыбына келтирүү, миналардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Аймакта коменданттык саат киргизилген.

XS
SM
MD
LG