Кыргызстан 10 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 28 миллиард сом жумшады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 10 айдын ичинде (январь – октябрь айлары) мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 28 миллиард 854,4 миллион сом жумшады. Анын 19 миллиард 511,1 миллион сому тышкы карызды, 9 миллиард 343,3 миллион сому ички карызды төлөөгө бөлүнгөн.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн мамлекеттик карызы 30-сентябрга карата 5 миллиард 217,88 миллион долларга (ред: 418 миллиард 384,37 миллион сом) жетти. Анын ичинен 4 миллиард 162,60 миллион доллары (333 миллиард 769,18 миллион сом) тышкы, 1 миллиард 55,28 миллион доллары (84 миллиард 615,19 миллион сом) ички карыз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин Кыргызстан 2023-жылдан 2028-жылга чейин тышкы карызды төлөө үчүн жылына 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин бөлүшү керектигин айткан. Анын сөзү боюнча, 80-85% тышкы карыздын 50% ашыгы Кытайдын Эксимбанкына төлөнөт. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз өкмөтү Сох дарыясына суу сактагыч курууну пландап жататУТРК жана НТС каналы "Азаттыктын" радио, телеберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалганы кабарландыСтамбулдагы жардыруудан кеминде алты киши каза таптыОрусия 2023-жылы Кыргызстанга 150 мугалим жөнөтүүгө ниеттенүүдөУКМК экстремизмге шектелип, эл аралык издөөдөгү адам кармалганын билдирди