Лейлек районунда жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

14-ноябрда таңкы саат 04:07де Баткен облусунун Лейлек районунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүүнүн күчү райондогу Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Акыркы айларда күчү 3,5 баллга чейин жеткен жер титирөөлөр Ысык-Көлдө, Ош облусунун, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ: Орусияга айрым санкциялар согуштан кийин да кала беретБишкекте “Бир дүйнө - 2022” эл аралык фестивалы ишин баштадыҮй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып бардыСтамбулдагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жокОрусия Иран менен кызматташтыгын жакшырта турганын жарыялады