Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:14

Бишкекте “Бир дүйнө - 2022” эл аралык фестивалы ишин баштады


Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарында адам укугу тууралуу эл аралык даректүү тасмалардын “Бир дүйнө - 2022” эл аралык фестивалы башталды. Ага Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 22 тасма катышууда. Фестиваль 18-ноябрга чейин уланат.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын маалыматына караганда, бул жылы фестиваль “Климат жана кризистер: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал. Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн альтернативалар” темасына арналат.

Быйылкы иш-чара "#БишкекЫш" тасмасы менен ачылат. Тасманы режиссерлор Искендер Алиев менен Бермет Борубаева, ал эми тасманын продюсери "Эмми" кино сыйлыгынын 8 жолку ээси Эндрю Ткач.

Аталган иш-чара быйыл 16-жолу уюштурулуп жатат. Былтыр даректүү тасмалардын фестивалы “Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары” деген темага арналган.

Фестивалдын алкагында “Азаттыктын” “Суусамыр: -40 градустагы жашоо” деп аталган тасмасы көрсөтүлгөн эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG