14-ноябрда Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 7…12;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -3...-8.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 10…12 градуска чейин жогору болот.