УКМК: "Хизб ут" уюмунун аялдар канатынын жашыруун иши аныкталды

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир аль Ислами" диний-экстремисттик уюмунун "аялдар канатынын" жашыруун ишмердүүлүгү аныкталганын 12-ноябрда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алар тыюу салынган идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жүргөн.

"Алардын иш-аракеттерине бөгөт коюуу максатында 2022-жылдын 14-октябрында жана 4-ноябрында беш жарандын жашаган жери тинтүүгө алынып, жыйынтыгында мыйзамсыз аракеттерге катышы бар экендигин тастыкталган ири өлчөмдөгү буюм далилдери табылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК октябрдын соңунда экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга (Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү) шектелип 11 киши кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү ай сайын өткөрүлүүчү "чогулушунда" Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылында колго түшкөн.

Атайын кызмат октябрдын башында дагы диний-экстремисттик жана террористтик аракеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун жети мүчөсү кармалганын маалымдаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Депардьенин Орусиядагы продюсердик борбору жабылды Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документ парламентке келип түштүХерсонго украин бийлигинин өкүлдөрү кайтып барды, шаарга коменданттык саат киргизилдиАвстралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алды