Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:00

Херсонго украин бийлигинин өкүлдөрү кайтып барды, шаарга коменданттык саат киргизилди


Херсон.
Херсон.

Украинанын Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Ярослав Янушевич орус армиясынан бошотулган аймакка келди.

Бул тууралуу украин президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко Телеграм аркылуу билдирди. Ал Херсон администрациясынын имаратынын алдында тартылган видеону жарыялады. Анда Янушевич шаарда жергиликтүү бийлик, Украинанын Коопсуздук кызматынын жана полициянын аймактык бөлүмдөрү иштей баштаганын билдирди.

Херсонго комменданттык саат киргенин өзүнүн Телеграмдагы каналына жазды. Комменданттык саат 17:00дөн таңкы 08:00гө чейин болот. Шаарга кирүү жана чыгуу чектелет.

Украин армиясы 11-ноябрда Херсон облусунун борборуна кирген. Ушул эле күнү Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлерин калаадан толук чыгарып кеткенин жарыялаган.

Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн февраль айынын соңунда басып алган. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган эмес.

Стратегиялык деп саналган Херсон шаарында согушка чейин 300 миңдей адам турчу. Алардын көбү Орусия басып киргенде чыгып кетүүгө үлгүргөн.

XS
SM
MD
LG