Украина Херсондо жайкын тургундардын сөөгү табылганын билдирди

Херсондогу талкаланган үйлөр.

Орус аскерлеринен бошотулаган Херсон облусунун Бериславский районунда карапайым адамдардын сөөгү табылганын Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар конушту басып алуу учурунда каза болгон үч жергиликтүү тургунга тиешелүү. Сөөктөрдү укук коргоо кызматкерлери шаар тибиндеги конуштагы жер төлөлөрдүн биринен табышкан, аты-жөнү тактала элек.

Прокуратура өлүктөрдү алгачкы текшерүүдө баш сөөктөрү сынган учурлар катталганын билдирүүдө. Каза болгондордун сөөктөрү экспертизага жөнөтүлдү. Башкы көзөмөл органдын маалыматына караганда, согуш башталгандан бери 44 миңден ашуун аскерий кылмыш катталган. Алардын 43 миңден ашууну аскерий туткундарга жана жайкын тургундарга ырайымсыз мамиле кылуу сыяктуу согуш мыйзамдарын бузууга жатат.

Украинанын прокуратурасы өз жарандарына сексуалдык зомбулук көрсөткөнү үчүн 200дөн ашуун орус аскерин аныктап, сыртынан айыптады. Украинанын Башкы прокуратурасынын Аскердик кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн башчысы Юрий Белоусовдун айтымында, оккупацияланган аймактарда балдар да, карылар да зордук-зомбулук курмандыгы болушкан, ошондой эле туткунга алынган украин аскер кызматкерлерине карата сексуалдык зомбулуктар колдонулган.

Украин армиясы 11-ноябрда Херсон облусунун борборуна кирди. Ушул эле күнү Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлерин калаадан толук чыгарып кеткенин жарыялады.

Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн февраль айынын соңунда басып алган. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган эмес.

Стратегиялык деп саналган Херсон шаарында согушка чейин 300 миңдей адам турчу. Алардын көбү Орусия басып киргенде чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Дагы караңыз

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалдыАскердик полигондо окко учкан мигранттын агасы Орусиядан чыгарылдыИрандык белгилүү актриса жоолуксуз сүрөтүн жарыяладыТатарстан: "Алга" батальонундагы аскерлердин нааразылыгы