Иранда белгилүү актриса Таране Алидусти нааразылык акцияларга тилектештик билдирип, жоолуксуз сүрөтүн жарыялады. Ал сүрөтүнүн алдына "Аял, жашоо, эркиндик" деп жазган. Алидусти Ирандагы эң белгилүү актриса. Ал режиссер Асгар Фархадинин "Оскар" сыйлыгына татыган "Коммивояжер" тасмасында башкы ролду аткарган.
Алидустиден кийин ирандык дагы эки актриса жоолуксуз сүрөттөрүн жарыялады.
13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент кыз Махса Аминини кармап кеткен. Анын абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.
Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн кеминде 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталды. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөр менен атышып жатканы кабарланууда. Коопсуздук кызматкерлери да демонстранттарга каршы курал колдонууда.
Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесүүдө. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар болуп жатат.