Кыргызстандык жаш кинорежиссер Караш Жанышовдун "Перзент" деген аталыштагы кыска метраждуу тасмасы Бээжин шаарындагы кинофестивалда көрсөтүлөт. Тасма фестивалдын NOVA аталышындагы жаңы сынагына катышат.
Бул тууралуу белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева маалымдады.
Тасмада балдар үйүндө тарбияланган Марат жаштайынан ата-энесин издегени, кийин сойкулук менен алектенген апасын таап, арасат абалда калганы, көргөн кыйынчылыктары көрсөтүлөт.
"Перзент" тасмасы Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө "Медиа-К" долбоорунун алкагында тартылган
28 жаштагы Караш Жанышов "Манас" кыргыз-түрк университетинин Коммуникация факультетинин Радио, теле жана кино бөлүмүн аяктаган. Буга чейин "Кош бол", "Меланхолия боектору", "Ташкентке жол" фильмдерин тарткан.(ZKo)
Дагы караңыз
Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайландыЧек ара: Үй-жайы өрттөлгөндөр курулуштун кечиккенине кабатырТүндүк Кипрге Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүү сунушталдыСадыр Жапаров түрк тилдүү өлкөлөрдүн транспорт байланышын күчөтүүнү сунуштадыТокаев: Казакстан бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн колдойтЧыңгыз Капаров камакта калды