Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү сотко берилди

Нурлан Асанбеков 1-ноябрдан бери ачкачылык кармап жатат.

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, эки айга камалган Нурлан Асанбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Бишкек шаардык сотунун төрагасы Н.Эсеналиевдин атына укук коргоочу Азиза Абдирасулова жолдоду.

Өтүнүч катта Нурлан Асанбеков 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экендиги, мурда сот жообуна тартылбаганы белгиленген.

Мындан тышкары анын 1-ноябрдан бери ачкачылык кармап жаткандыктан саламаттыгы да начарлаганы тууралуу жазылган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын "Азаттыкка" билдиришинче, Асанбеков ачкачылыгын улантып жатат.

"Он күн болду ачкачылык кармаганына. Абалы оор. Ордунан тура албай калыптыр", - деди укук коргоочу.

Нурлан Асанбековдун үйүнө 23-октябрда тинтүү жүргүзүлүп, өзү кармалган. 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга №1 тергөө абагына камалган. Анын апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту ушул тапта карап жатат.

Өзүнө коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз экенин билдирген Асанбеков 1-ноябрдан тартып нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаганын адвокаттары билдиришкен. Жаза аткаруу кызматы ал 4-ноябрдан ачкачылык кармоону баштаганын, өзүнчө камерага которулуп, саламаттыгына дарыгерлер көзөмөл кылып жатканын маалымдаган.

Нурлан Асанбеков саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө иштеген уста экенин, Кемпир-Абадга таптакыр тиешеси жоктугун саясатчынын жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева "Азаттыкка" билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Мирзиёев түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда эркин экономикалык аймак түзүүнү сунуштадыСамаркандда түрк тилдүүлөрдүн саммити башталдыКемпир-Абад иши: журналист Айданбек Акматов камакта калдыАдилет Балтабай күнөөлүү деп табылып, сот залынан бошотулдуКыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификацияладыТышкы иштер министринин орун басары алмаштыЧүйдө гаражда өрт чыгып бир киши каза болдуКыргызстандын жарандыгы 2370 адамга берилди