Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы, активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздарды кароону улантууда.
Бул күнү сот Айданбек Акматов боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Журналист бөгөт чарасын карап жаткан судьяларга кайрылып, Конституция бузулуп жатканын белгиледи.
"Бизди соттой турган болсоңуздар Конституцияга чогулганга, сүйлөшкөнгө, талкуулаганга болбойт деп жазып коюңуздар. Ошондон кийин соттой бериңиздер", - деди Акматов сот залында.
Сот жүрүп жаткан маалда журналисттин тарапташтары аны бошотуу талабы менен нааразылык акциясын өткөрүштү.
Акматов Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалгандардын катарында болгон. Ал Биринчи райондук сотунун чечиминин негизинде 20-декабрга чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган. Ал буга чейин сот залында Кемпир-Абад маселеси талкууланган жыйынга журналист катары катышканын билдирген.
Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 9-ноябрда карай баштаган. Ага ылайык бир катар саясатчы, активист, журналисттердин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.
23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.
Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.
(TSh/КЕ)
Дагы караңыз
Кыргызстанда автоунаа жолдоруна төлөм алуу сунушталуудаСадыр Жапаров Си Цзинпинди үчүнчү мөөнөткө шайланышы менен куттуктадыЖо Байден Си Цзинпин менен жолугушатЗеленский дагы 41 калктуу конуш бошотулганын маалымдады