Байден Орусиянын Херсондон чыгышын "армиядагы көйгөйгө" байланыштырды

Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын Херсондон чыгып кетишине байланыштуу пикирин билдирди.

"Бул абал орус армиясында олуттуу көйгөйлөр бар экенин көрсөтүп турат",- деди ал.

Байден АКШ Конгрессине орто мөөнөттүү шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин орус армиясынын Херсондон чыгарылышын “кызыктуу факт” катары сыпаттады.

Президент кошумчалагандай, бул жагдай тараптарга кышында “позицияларын кайра карап чыгууга” мүмкүнчүлүк берет.

Байдендин айтымында, мунаса маселеси Украинадан көз каранды жана кандай болгон күндө да Вашингтон Киевди колдоону улантат.

АКШ президенти анын өлкөсү Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалга тикелей катышпастыгын, Украинанын асманын коргоо үчүн учак жибербей турганын дагы бир жолу кайталады. Анын айтымында, Вашингтон украиндерди коргонуу үчүн зарыл каражаттар менен камсыздоону улантат.

The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып, Жо Байдендин администрациясы Украинага заманбап Grey Eagle MQ-1C учкучсуз учуучу аппараттарын бербөөнү чечкенин жазды. Вашингтон бул учактардын Украинага берилиши жаңжалды курчутуп жибериши мүмкүн деп кооптонууда.

Орус армиясы февралда басып алган Херсон облусунун көп бөлүгүнөн чыгып кетип жатканы 9-ноябрда белгилүү болгон.

Дагы караңыз

FT: Өзбекстан Алишер Усмановго каршы санкцияларды алып салууну сурандыЭнергохолдинг Бишкекте жарыктын өчүшүнүн себебин түшүндүрдү Чек ара бөлүгүндө жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип жатат